• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Өзгөн: Жер көчкүдөн улам көчүрүлгөн жашоочуларга чатырлар орнотулуп жатат

24 Жалган куран 2023 11:38 Бишкек Govori.TV

Өзгөн районунун Карл-Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесине 18 чатыр орнотула баштады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Чатырлар кооптуу жерден 2 чакырым 200 метр аралыкта жайгашып, ага таза суу жана электр энергиясы киргизилүүдө.

Эскерте кетсек, 22-мартта саат 05:00дөр чамасында Ош облусунун Өзгөн районунун Карл-Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн куб метр жер көчкү түшкөн.

Карл Маркс айылына I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланып, аймакта жайгашкан 18 турак жайда күн кечирип келген 195 тургун жеңил оокаттары менен коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Аталган аймактагы жер көчкү 2007-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМдин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти корутунду чыгарып, аймак кооптуу деп табылган. Аталган аймакта жашаган 18 турак үйдүн ээлерин көчүрүү сунушталган.

Количество просмотров: 100