• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алматыда жер көчкү жүрүп, 2 турак үйдү басып калды

8 Бирдин айы 202414:24 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Алматы шаарында жер көчкү жүрүп, турак үйлөрдү басып калды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Маалыматка караганда, жер көчкүнүн жүрүшүнө муздак суу түтүгүнүн жарылышы себеп болгон. Жер көчкүдөн эки үй жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал үйлөрдө төрт киши болгон, анын экөө балдар.

Окуя болгон жерге жакын жайгашкан үйлөрдө жашагандар түндө эвакуацияланып, керектүү жардам көрсөтүлгөн. Жабыркагандарды издөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 145