• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өзгөндө айдоочуну өрттөгөн өспүрүмдөрдү жазалоону талап кылышууда

30 Теке 2020 14:38 Бишкек Govori.TV

Өзгөндө 100 сом үчүн айдоочуну өрттөгөн өспүрүмдөрдү жазалоону талап кылышууда. Бул тууралуу социалдык тармактарда маалымат тарады.

Маалыматка ылайык, Өзгөндүн жергиликтүү тургундары митингге чыгышкан. Алар 100 сом үчүн айдоочуну муунтуп өлтүрүп, унаанын ичине бензин чачып өрттөп, маркумдун жансыз денесин сууга ыргытып жиберген өспүрүмдөрдү жазага тартууна талап кылышууда. Алардын айтымында, бул эң чоң кылмыш. Митингге 100гө чукул адам келген. 

Айдоочунун өлүмүнө шектелген эки өспүрүм тергөө абагына эки айга киргизилди. Ал эми кылмышты жашырган үч досуна «Кылмышты жаап-жашыруу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды — алардын экөө убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. 15 жаштагы өспүрүмдү шектүү катары саноо маселеси каралууда.

Эске сала кетсек, Бул кылмыш ишине үч жашы жете элек балдардын дагы катыштыгы бар. Өспүрүмдөр менен айдоочунун ортосундагы жаңжал 100 сомдун айынан чыккан. 

Количество просмотров: 123