• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Өзгөндө, Чоң-Алайда, Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Депутаттар эмне дейт?

4 Тогуздун айы 2023 15:00 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бишкекте митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салган чечимдин мөөнөтүн үч айга узарттты. Борбор калаадагы чектөө өткөн жылдын март айында кабыл алынып, улам узартылып келет.

Ошол эле учурда Оштун Өзгөн районунда 8-сентябрдан 8-ноябрга чейин митинг, тынч акцияларга чогулууга тыюу салынды. Облустук соттун басма сөз кызматынын кабарлашынча, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кеңешмеси Өзгөн районунда тынч жыйындарга чогулууга тыюу салган чечим чыгарган. Өзгөн райондук соту арызды 12-сентябрда карап, тыюу салууну негиздүү деп тапкан.

Милициянын чечимине ылайык, Өзгөн райондук администрациясынын, мэриянын, маданият үйүнүн, айыл өкмөттөрдүн алдында, стадиондордо жана башка коомдук жайларда митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды.

Мындан сырткары Ош облусунун Чоң-Алай районунда коомдук жайларда митинг, пикет жана тынч акцияларды өткөрүүгө тыюу салынды. Мындай өтүнүчтү райондук милиция сотко берип, ал канааттандырылган. Митинг, акцияларга тыюу салган чечим боюнча депутаттар эмне дейт?

Количество просмотров: 665