• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жол кирени 20 сомго көтөрүү сунушу. Депутаттар эмне дейт?

18 Тогуздун айы 2023 13:34 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жол кире акысын көтөрүү сунушталууда. Бул тууралуу токтом долбоору шаардык кеңештин сайтына жарыяланды. Ага ылайык, муниципалдык жана менчик транспорттордо жол кире 20 сом болот.

Демилгечилер шаардагы коомдук унаалардын баарында: автобус, троллейбус, кичи автобустар менчигине карабай, бир гана баада — 20 сомдон болушу керек деп сунушташкан. Буга жараша электрондук жол кире картасынын да баасы көтөрүлөт. Мектеп окуучулары үчүн 430 сом, ал эми стандарттуу карта 1200 сом болот.

Мэрия жол кирени кымбаттатууга бир нече фактор себеп болуп жатканын айтып, аларды санап берген. Анын ичинде күйүүчү майдын кымбатташы, айдоочулардын айлык акысына нааразы болушу, кадр жетишсиздиги сыяктуу бир топ маселе бар.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте маршруткаларда жол кире акысы 15 сом болсо, автобус, троллейбустарда жүргүнчүлөр 11 сом төлөшөт.

Жол кирени 20 сомго көтөрүү сунушу. Депутаттар эмне дейт?

Количество просмотров: 553