• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Өзгөндө чогулгандар Жапаров менен Ташиевге жолугуу үчүн кезекте турушат

4 Тогуздун айы 2022 11:53 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Өзгөн районунун акимчилигине «Кемпир-Абад» суу сактагычынын маселесине байланыштуу жергиликтүү эл чогулуп, Жапаров менен Ташиевге жолугуга кезекте турушат. Бул тууралуу Жалбырак.ТВнын түз эфиринде маалым болду.

Маалым болгондой, жолугушууга чогулган баардык жарандар киргизилген эмес. Муну жетекчилик жолугушуу өтүп жаткан жыйын залынын тардыгын айтып жүйө келтиришүүдө. Чогулгандардын айтымында президент менен жолугуу үчүн адамдардын биринчи бөлүгү кирген. Учурда эшикте жүзгө чукул адам кире албай кезек күтүүдө.

Алар президенттин эл менен жолугушуусу сыртта, ачык өтүшүн, Кемпир-Абадга байланыштуу толук, ачык-айкын маалымат берилишин талап кылышууда.

Кошумчалангандай жолугушууга журналисттер киргизилген эмес.

Жыйынга катышуу үчүн президент Садыр Жапаров келгени маалым болду. Белгиленгендей жыйынга журналисттер кирбей калган. Маалыматтарга ылайык, жыйынга Садыр Жапаров менен чоогу башкы прокурор Курманкул Зулушев жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев барган.

Буга чейин 29-сентябрда Өзгөндө «Кемпир-Абад» маселесине байланыштуу 100дөй адам чогулган. Алар суу сактагычтын жери коңшу мамлекетке өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун билдирип, эки тараптуу соңку келишимдердин мазмунун ачыкка чыгарууну талап кылышкан.

Количество просмотров: 674