• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өзгөндөгү эки кишинин өлүмү. Шектүү 2 айга камакка алынды

23 Жалган куран 2021 9:13 Бишкек Govori.TV

 Өзгөндөгү эки кишинин өлүмү боюнча шектелип кармалган 24 жаштагы жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда бул кылмышка шектелген башка жарандарды издөө иштери уланууда.

«Сот шектүүнү 2 айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Териштирүү жүрүп жатат», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, 19-мартка караган түнү Өзгөн райондук ооруканасына ок тийген эки жаран түшүп, эсине келбей каза болушкан. Милиция алар дагы башка эки киши менен унаада отурганда башка машинадагылар келип аткылап кеткендигин айткан. Окуя боюнча КР Жазык кодексинин 130-беренесине («Киши өлтүрүү») ылайык сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери башталган.

Кийинчерээк шектүүлөрдүн кылмыш учурунда колдонгон ок атуучу куралы менен автоунаасы табылган.

Количество просмотров: 126