• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өзгөндө жол кырсыгынан мектеп бүтүрүүчүсү каза болду

19 Кулжа 2020 18:11 Бишкек Govori.TV

Өзгөндө жол кырсыгынан мектеп бүтүрүүчүсү каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасы Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө шилтеме берүү менен жазды.


Аталган жол кырсыгы болгон жерден тартылган тасманы социалдык тармактагы баракчалардын бири жарыялады.

Маалыматка ылайык, кырсык 18-июнь күнү саат 17:00 чамасында Өзгөн—Мырза-Аке жолунун 7-чакырымында, тактап айтканда Дөң-Булак айыл аймагында болгон. Анда Өзгөн районунун 2002-жылы туулган тургуну Н.у.Н. «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү унаасын башкара албай, жолдун сол тарабына чыгып, кырсыкка кабылган. Ошол эле багытта бара жаткан Өзгөн районунун 2003-жылы туулган тургуну Э.М. «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасынын рулун башкара албай, жолдун оң тарабына чыгып кеткен.

«ВАЗ-2106» унаасында бара жаткан Өзгөн районунун тургундары: 2002-жылы туулган Н. уулу Н., 2003-жылы туулган М.М. жана 2003-жылы туулган Н.Д. денесинен жаракат алып, Өзгөн райондук ооруканасына кайрылышкан. Ал эми Өзгөн районунун 2002-жылы туулган тургуну К.у.Н. алган жараатынан улам Өзгөн райондук ооруканасында каза болду. Ал эми «Хонда Фит» унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү — 2003-жылы туулган К.А. денесинен жаракат алып, Өзгөн райондук ооруканасына кайрылышкан»,-деп айтылат маалыматта.

Жол кырсык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Өзгөн РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 9687