Өзгөндө 12 жаштагы кыз зордука кабылган окуя тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Өзгөн райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан жеринде үй-бүлөлүк турмуш – тиричилик шарты текшерилип, үй-бүлөлүк абалына баа берилген акт түзүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган үй-бүлөнүн турмуш тиричилиги орто абалада, кыздын апасы үй кызматкери, атасы Казакстанда эмгек мигрант катары сезондук жумушта иштеп, киреше таап үй-бүлөсүнө акча каражатын жөнөтүп турат.
«Бул үй-бүлө аз камсыз үй-бүлө катары 3 жашы жете элек балдарына 2430 сомдон ай сайын жөлөк пул алышат. Мектептин мүноздөмөсү боюнча зордука кабылган М. Р тартиптүү, алдынкы окуучулардын бири. Учурда бул кылмыш боюнча тергөө иши жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.
Жашы жете элек кыздын укуктарын коргоо жана таламдарын камсыз кылуу үчүн тиешелүү ишетер жүрүп жатат.