• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жөө адамды сүзүп, изин жашырган айдоочу кармалды

23 Жетинин айы 202016:06 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 22-ноябрда болжол менен саат 22:10 чамасында орун алган. Бишкек ШИИББинин нөөмөт кызматына Термичиков көчөсүндө жөө жүргүнчүнү сүзүп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

«Кайгуул кызматкерлери жерине барып, болжол менен 50-55 жаш курактагы кебетеси азиалык болгон жаранды унаа сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткендигин аныкташкан. Кырсыктын кесепетинен жөө адам жеринен каза болгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш изи сууй электе шектүү катары Деу Нексия үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 1989-жылы туулган О.Э. жана Д.М. аттуу жүргүнчүсү кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 110