Чиновниктер Британияга муздак контейнерлерде мигранттарды мыйзамсыз алып келүү туурасындагы бир нече жолку эскертүүлөргө көңүл бурган эмес, кечээ жүк ташуучу машинеден 39 кишинин сөөгүн тапбылган факты сыяктуу. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, NCA мурунку жылдын май айында мигранттарды алардын ичинде балдар да бар, контейнерлерде алып келип жаткан бандалардын саны өсүп жатканы айтылган. Бир катар эскертүүлөр болгонуна карабай чалгындоо кызматы бул тактиканы колдонуу көбөйүп жатканын божомолдоду.
Учурда Эссекс аймагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Болжодуу маалыматка ылайык, 39 адам тоңуп калган контейнер Зебрюггден келген. Акыркы мезгилде ал жакта көптөгөн мыйзамыз мигранттар калмалган.
Кошумчалай кетсек, мурунку жылы Британияга мыйзамсыз кирген 8 000 адам жүк ташуучу унаалар менен келгени эсептелинген. Мигранттар бул кадамга өздөрү макул болушуп, өмүрлөрүнө коркунуч жаратышууда. Британия мигранттар эң көп топтолгон жер экени белгилүү.
Эске салсак, Британ полициясы шаршембиде Лондондун чыгышындагы Эссекс аймагында жүк ташуучу машинеден 39 кишинин сөөгүн тапкан.