• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Жүк ташуучу унаадан 39 кишинин өлүгү табылды (видео)

23 Тогуздун айы 201918:25 Бишкек Govori.TV

Британ полициясы шаршембиде Лондондун чыгышындагы Эссекс аймагында жүк ташуучу машинеден 39 кишинин сөөгүн тапты. Бул туурасында маалымат каражаттары жазды.

Полиция тараткан маалыматка караганда, фура Грейс шаарчасынын өнөр жай зонасында токтоп турган. Анын айдоочусу, 25 жаштагы ирландиялык жаран киши өлтүрүүгө шектүү катары кармалды.

Азырынча машине Болгариядан чыкканы, Британиянын аймагына өткөн ишембиде киргени аныкталды. Каза тапкандардын ичинен бирөө өспүрүм экени маалымдалды. Полициянын расмий өкүлү алардын тек-жайын аныктоого көп убакыт кетиши мүмкүн экенин билдирди.

Количество просмотров: 17163