Бишкек. 25.07.2019. Govori.TV
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Сүйлөшүүлөр коңшулаштык, өз ара түшүнүү жана кызматташтык маанайда өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Баткен-Исфана, Исфара-Ворух жолдорун ачуу тууралуу макулдашышты.
«Кечээ биз тажик тарап менен чектеш аймактардагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Кырдаалды турукташтыруу жана жер-жерлерде чыңалууну жоюу максатында тараптар Баткен-Исфана, Исфара-Ворух жолдорун ачуу тууралуу макулдаштык. Жолдор бүгүн эртең менен ачылды. Ошону менен бирге жергиликтүү калк арасында мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Баткен жана Согдий облустарынын ИИБ кызматкерлеринен турган кошумча биргелешкен күзөт коюлду. Мындан тышкары чектеш аймактын калк жашаган жерлеринде күзөтүү күчөтүлдү», — деди Жеңиш Разаков.
Тиешелүү кызматтар штаттык режимде иштеп жатышат. Тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана кырдаал боюнча маалымат алмашууну улантышууда.