• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

23 Баш оона 2021 12:11 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарында белгисиз айдоочу улгайган аялды сүзүп качып кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза тапкан. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басмасөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-август күнү таңкы саат 4:36 чамасында Балыкчы ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жашы болжол менен 70-80 чамаларындагы аял кишинин жансыз денеси жол жээкте жатат деген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Балыкчы ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, кароо жүргүзүү учурунда, болжолдуу «Тойота» үлгүсүндөгү автоунаасына таандык тетиктердин сыныктары табылган. Андан тышкары, каза болгон адамдын өздүгү аныкталып, ал Балыкчы шаарынын 85 жаштагы тургуну болуп чыкты.

Аталган факт, Балыкчы ШИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында Балыкчы ШИИБ боюнча жол коопсуздугунун кызматкерлери тарабынан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу милиция бөлүмүнө ошол күнү эле алып келинген. Ал ушул эле шаардын 21 жаштагы тургуну К.А. болуп чыккан. Алгачкы суракта күнөөсүн толугу менен мойнуна алган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда, жол кырсыгына тиешеси бар “Тойота-Витц” үлгүсүндөгү автоунаа токточу жайына токтотулуп, тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 2833