Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды.
Маалыматтарга караганда, окуя кечээ, 21-мартта Бишкектин Малдыбаев көчөсүндө болгон. «БМВ X5» үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, айдоочу белгисиз тарапка качып кеткен. 2000-жылы туулган жабырлануучу эс-учун жоготкон абалда Бишкек травматологиялык жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилген. Ал алган жаракатынан улам каза болду.
«Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бүгүн, 22-мартта болжол менен түнкү саат эки чамасында кылмышка шектелип 1999-жылы туулган А.Н. аттуу жаран кармалды. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө иштери улантылып жатат. Унаа айып короого киргизилди», — деп айтылат маалыматта.