• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жаңы долбоор. Ачык айт: Эски-жаңы депутат. Парламентке ким аттанып жатат? (Түз эфир)

23 Аяк оона 2020 17:00 Бишкек Govori.TV

«Эски-жаңы депутат. Парламентке ким аттанып жатат?«, ушул темадагы талкуу Govori.TV интернет-телеканалынын жаңы долбоору «Ачык айт» теледебатында өтөт.

Талкууга эксперт Рита Карасартова жана саясий серепчи Бакыт Бакетаев катышып жатышат. Бакыт Бакетаев эскилерге оосо, Рита Карасартова жанылануу талап кылат.

Шайлоого 16 партия киргизилди. 2 миң 19 талапкердин арасынан 85и азыркы, 6-чакырылыштын депутаттары. Коом азыркы депутаттарды ачык эле жактырбайт.

Жогорку Кеңешке «Бир Болдон» — 2 депутат кайрадан шайлоого аттанды, «Мекенчилден» 4 депутат, «Бүтүн Кыргызстандан» — 5, «Замандаштан» — 5, «Социал демократтардан» — 6, «Ата Мекенден» — 7, «Республикадан» — 9, «Мекеним Кыргызстандан» — 16 депутат, «Кыргызстан» партиясынан 19 депутат, «Биримдиктен» эң көп эски депутаттар кайрадан шайлоого бара жатат, 31 эл өкүлү.

Количество просмотров: 283