Бишкек.03.05.2019.Govori.TV.
Күнүмдүк түйшүк менен алек болуп жүрүп, өз кесибин аркалабай калган Чолпон Исмаилова үчүн кырктын кырында жаны жашоо башталды. Себеби ал жакында эле демилге көтөрүп, клининг компаниясын ачты.
Ал жетектеген ишкана азыркы учурда кардарлардын буюрмасы менен жыйнап- тазалоо иштерин аткарат. өзү менен бирге айыл жергесинде 8 айымды жумуш менен камсыз кылууга жетишти.