• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Жаңы» Конституция: Айрым депутаттар колдорун кайра артка кайтарып алышты

19 Жетинин айы 2020 14:13 Бишкек Govori.TV

Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунда демилгечи катары жазылган айрым депутаттар колюган колдорун артка кайтарып алышты. Бул тууралуу депутат Канат Исаев 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, легитимсиз конституциялык реформаны 6-чакырылыш токтотуп кала алышат жана депутаттар токтотуулары керек.

Канат Исаев кошумчалагандай негизги мыйзамдын жаңы долбоорунун автору Садыр Жапаров, ал долбоор баардык эл аралыек жана демократиялык стандарттарга туура келбей калган.

Эске салсак, Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Анда Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгону көрсөтүлгөн.

Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

Количество просмотров: 249