• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жаңы конуштардын көйгөйлөрү: Жапаров район прокурорун алмаштырып, акимдерди ротациялоону тапшырды

22 Жетинин айы 2021 15:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-ноябрда президент Садыр Жапаров бир нече жаңы конуштардын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуу «Ала-Тоо 3» конушунда өтүп, ага миңдеген жашоочулар чогулуп, кайгылуу, көйгөйлөрдү айтышты.

Жолугушууда Жапаровдон тургундар жер тилкелерин мыйзамдаштырып, көрүстөнгө коюуга уруксат берүү маселесин чечип берүүнү, милициянын участкалык пунктун ачып, мектеп, бала бакчаларды куруп, коомдук транспортту ишке киргизүүнү суранышты.

Алардын арызын уккан президент көйгөйлөрүн чечүүгө убада берди. Анын айтымында, бул жаңы конуштарда жашаган 13 миң үй-бүлө кызыл китептерин, жеринин документтерин ала алат. Ал эми губернаторго көрүстөнгө коюу маселесин чечүүнү тапшырды. Жана ошондой эле президент коомдук транспортту да ишке киргизүү, социалдык объектилер боюнча маселердин да чечиле турганын айтты.

Андан соң Садыр Жапаров эл алдына облустун ыйгарым укуктуу өкүлү, башкы прокурор Курманкул Зулушевди жана башка структуралардын жетекчилерин чакырып, бардык топтолуп калган маселелерди чечүүнү, райондун прокурорун алмаштырууну, акимдерди, орун басарларын ротация кылууну, Мамлекеттик курулуш комитетиндеги жана башка мамлекеттик органдардагы жетекчилерди алмаштырууну айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин президент ЖЭБ-2нин жанындагы өз алдынча басып алган аймактарды мыйзамдаштыруу боюнча тапшырма берген. Мындан кийин башка конуштардын тургундарынан арыздар түшө баштаган. Бир нече кун мурун өкмөт үйүнүн алдына ушундай талап менен чыккан “Жер Ынтымак” жаңы конушунун тургундары менен жолуккан президент Жапаров митингдер менен эч нерсеге чечилбей турганын билдирген.

Количество просмотров: 282