• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Жаңы конушундагы коомдук транспорт маселесин пайдаланып акча талап кылган шылуун кармалды

7 Баш оона 201917:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.08.2019.Govori.TV.

2019-жылдын 31-июль күнү УКМК тарабынан өткөзүлгөн ыкчам-тергөө иш чараларынын жүрүшүндө КР жараны К.А. алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Ал Бишкек шаарындагы “Көлмө” жаңы конушундагы коомдук транспорт маселесинен пайдаланып, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жеке компаниялардын биринин директорунан, алдоо жолу менен алардын ишмердүүлүгүнө байланышкан ишти бүтүрүп берүү үчүн 7 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Сотко чейинки териштирүүнүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдмачылык) боюнча катталды.

Кармалган адам КР УКМК убактылуу кармоочу жайына камалды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 17