• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жаңы парламентке келчү 6-чакырылыштын депутаттары…

29 Жетинин айы 2021 19:19 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Боршайком парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Болжолдуу алдын ала жыйынтыктарга көз чаптырсак азыркы 6-чакырылыштын айрым депутаттары 7-чакырылыштын курамына кирет.

Бул шайлоолордун өзгөчөлүгү добуш берүү аралаш система боюнча өттү. Шайлоочулар талапкерлерди бир мандаттуу округдардан жана партиялык тизме боюнча тандашты. Андан сырткары партиянын ичинен дагы талапкерди шайлашты. Жогорку Кеңештин VII чакырылышында 90 депутат болот. Аны 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Количество просмотров: 650