Жаңы шайланган ЖК спикери Талант Мамытов буга чейинки төрагалык кызматты аркалаган Дастан Жумабеков, Канат Исаевге чапан жаап, калпай кийгизди.
Мамытовдун айтымында катаал мезгиледе бул адамдар спикерлик кызматты жакшы аткарып беришкен. Кошумчалагандай даярдалган үчүнчү чепкен Мыктыбек Абдылдаевге даярдалган.
Эске салсак, Мамытов 100 депутатттын колдоосу менен Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Республика-Ата Журт» фракциясы төрагалыкка талапкер катары депутат Талант Мамытовду сунуштаган.
Белгилей кетсек, «Кыргызстан» фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев бүгүн,4-ноябрда парламенттин жыйынында президенттик шайлоого катыша турганын жарыялап, Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын тапшырды.