• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жаңы төрөлгөн кызын сатууга аракет кылган аял кармалды

16 Баш оона 202114:57 Бишкек Govori.TV

Ташкенттин Янгихаёт районунда жаңы төрөлгөн кызын сатууга аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасына караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү департаменти маалымдады.

Мекеменин маалыматына караганда, аял 7-августта төрөлгөн кызын 18 миң АКШ долларына баалап, бул сумманы алып жаткан маалда кармалган.

Ага каршы «Адам сатуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 288