Бүгүн Жогорку Кеңештин 8-чакырылышы расмий түрдө ишин баштады. Депутаттардын ант берүүсүнөн кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бир катар маселелерге токтолду.
Президент ошондой эле жаңы шайланган депутаттардын иштөөсү үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу да айтып өттү.
«Биз депутаттардын ишмердигинин натыйжалуулугу үчүн мына ушул силер олтурган имаратты толук жаңылап, оңдоп-түзөөдөн өткөрүп бердик. Депутаттардын эски унааларын сатып, жаңыларын алып койдук. Эгер аймактардан келген, жашаганга турак жайы жок эл өкүлдөрү болсо ипотекалык компаниядан батирлерди беребиз», — деди Жапаров.