Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарындагы тез жардам кызматынын айдоочулары айлыктарды жогорулатууну талап кылып, жумушка чыгуудан баш тартып жатышат.
— Айлыкты жогорулатуу маселесин 2016-жылдан бери көтөрүп келебиз. Беш жылдын ичинде азык-түлүк, кийим-кече, курулуш материалдары беш эсе кымбаттады. Айлыкты 2019-жылы 12 миң теңгеге, былтыр да 12 миң теңгеге көтөрүшкөн. Ошондо да колубузга болгону 100 миң теңге (230 доллар) алабыз. Бул эмнеге жетет? — деди Мурат Белбаев аттуу айдоочу.
Ал айдоочулар автоунааларды өздөрү оңдоп, чакырууларга барганда буту-колу сынган бейтаптарды көтөрүп, дарыгерлерге жардам берүүгө туура келерин кошумчалады.
— Биз июлдун башында айлыктарды жогорулатуу талабы менен Жаңы-Өзөндүн акимине кайрылуу жолдогонбуз. Анда талаптарыбыз 15-июлга чейин аткарылбаса, ишибизди токтоторубузду айтканбыз. 14-июлда кесиптештер менен кеңешип, жети автоунааны жумушка чыгардык. Калган 45 айдоочу бул жерде. Биз шаардыктардан кечирим сурап, талаптарыбызга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз, — деди ал.
Шаардык тез жардам станциясында 11 бригада иштейт. Алар Жаңы-Өзөндөн тышкары жакын жайгашкан бир нече айылдын тургундарын тейлешет.
Учурда Жаңы-Өзөн шарындагы “ӨзенМунайГаз» компаниясынын объектилерин кайтарган KMG-Security күзөт компаниясынын жумушчулары да айлыкты жогорулатуу талабы менен иш таштоосун улантып жатышат.
Июлдун башында шаардагы “КЕЗБИ” мунай-сервис ишканасынын жумушчулары иш таштаган. Алар алты күндөн кийин талаптары жарым-жартылай аткарылгандан кийин кайра жумушка чыгышкан.