• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жаңы Зеландияда мечитте элди аткылагандардын бирин кармап жаткан учурдун видеосу тарады

15 Жалган куран 2019 23:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.03.2019.Govori.TV.

Жаңы Зеландияда мечитке кол салды деп шектелгендердин бирин кармоо учуру видеого түшүп калган.

Аны The Daily Mail басылмасы жарыялады.

Кадрдан куралчан эки полиция кызматкери жол боюнда кысылып токтотулган автоунаага жакындап бара жаткандыгын көрүүгө болот. Алардын бири кара кийимчен кишини сууруп чыгып, экинчиси курал менен бир уруп, тротуарга жыгып жатат.

Крайстчерчтеги кол салган киши Австралиянын атуулу, ультра оңчул багытты карманары айтылды. Кылмышкер өзүнүн ниетин 37 барактык «манифестке» калтырып, өзүнүн бул кылыгын «теракт» деп жазып кеткен. Дагы башка бирөөлөр шаарга жакын Линвуд аймагындагы мечитин аткылаган учурда анын ичинде 300 киши болгону айтылат. Окту шлем кийип, көз айнек тагынган, күрмөчөн киши чыгарган. Ал теракт жасап жаткан учурун онлайн трансляция кылган.

Акыркы маалыматтарда куралдуу кол салуудан 49 киши курман болгондугу жана 48и жаракат алгандыгы айтылды.

Булак: Спутник

Количество просмотров: 14