• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жаңы жыл түнү тез жардам борборуна 759 кайрылуу түштү

1 Үчтүн айы 2020 15:17 Бишкек Govori.TV

Бишкектин медициналык тез жардам борборуна бир сутка ичинде 759 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаңы жылга караган түнү Бишкектеги медициналык тез жардам борбору телефон аркылуу 600 адамга консультация берген.

«Ар кандай диагноз менен 120 адам ооруканага жаткырылды. Тез жардам келгенге чейин 5 адам каза тапкан. Жол кырсыгынан 5 киши көз жумса, бир жаран сабалып, дагы бирөө бычакталып каза тапты»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жаңы жылга карата медициналык тез жардам борбору күчөтүлгөн режимде иш алып барган.

Количество просмотров: 186