Сутка ичинде 2020-жылдын 31-декабры саат 08:00дөн 2021-жылдын 1-январы саат 08:00гө чейин республика боюнча – 379 ымыркай жарык дүйнөгө келген, анын ичинде эки эгиз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2 эгиз жарык дүйнөгө келген. Алар: Жалал-Абад облусунда 2 кыз, Ысык-Көлдө 2 уул.
Жалпы төрөлгөн 379 наристенин 207си эркек жана 172 кыз болду.
Ал эми өткөн жылы жаңы жылга караган түнү 261 ымыркай төрөлгөн.