Таласта кармалган ак илбирстин көрбөй калган көздөрүн дарылоого болбойт. Бул тууралуу «Бугу-Эне» коомдук фондунун жетекчиси Салтанат Сейитова маалымдады. Анын айтымында, адистер келип илбирстин эки көзү тең көрбөй калганын аныкташкан.
10-январда Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин ветеринардык клиникасында ак илбирске операция жасалып, анын башына тийген 70тен ашык бытыранын 18 калдыгы алынган.
Илбирс учурда эт, майда сөөк жеп калды. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги аны дарылоого акча топтош үчүн банк эсебин ачкан. Агенттик Таласта кармалган ак илбирстин башына бытыра кокусунан тийген болушу ыктымал экенин билдирген.
Ак илбирс Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 324 ак илбирс бар. Ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган.