• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаан карга айланып, үшүк жүрүшү күтүлөт

27 Жалган куран 202513:47 Бишкек Govori.TV

ӨКМдин маалыматына ылайык, 28-март жана 29-мартта түнкүсүн Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат. Мезгил-мезгили менен жаан жаашы, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 28-30-марттарда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунучтуу.

Количество просмотров: 372