• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жабиров: Ак калпактын эни, өңү сапаты боюнча атайын токтом кабыл алынышы керек (видео)

5 Жалган куран 2018 17:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.03.18.Govori.TV

Ар бир калпакка, күрмөгө, көйнөккө жармаштырылган атайын белги  болуш керек деген мыйзам кабыл алынышы керек.  Ал белгиде  аңглисче дагы бир тилде түшүндүрмө сөз болушу керек. Бул туурасында режиссер Рысбек Жабиров Govori.TV сайтынын суросуна жооп берип жатып  билдирди.

Бул белгиде ак калпак бул кыргыздын  улуттук символикалык баш кийими. Ак калпактын өзүнчө философиясы бар. Эгер сен өзүңдүн сыйласаң анда баш кийимди жогорку кой тебеленбесин деген тексти камтыган жазуу болуш керек. Ошондо биз үйрөтүп туруп талап кыла алабыз. Экинчиден мончодо  кийизден жасалган формасы калпака окшош баш кийимдин  өңүн ак кылбай кара түстө тигилсин деген да талап болушу керек.

Ал эми Кытайдан  алынып келген калпактар жука болуп сапаты да начар болот. Биздин герб, туу, сомубузду улуттук символикабыз деп айтабыз. Ошондой эле айтылбаган токтому жок эле  биздин улуттук символикабыз бул баш киймибиз.  Ал ар бир кыргыздын жүрөгүндө жашайт.

Ал эми Кытайдан алынып келген жука калпак боюнча мыйзам кабыл алынаардын мурун, ак каллпак кийизден болушун андагы энди, түшүрүлгөн сайманы жана өңү дагы токтомдо кабыл алынышы керек. Себеби ак калпак илгертеден бери эле ак калпак болуп келген. Азыр ар кайсы өңдө чыгарып  ар кандай белгилерди коюп жатышат. Ушундай нерселерди тыюу кыла турган токтом кабыл алып койсо бул бизге биздин келечекке пайдасы тийет.

Белгилей кетсек, бүгүн 5-март Ак калпак жана улуттук баалуулуктуу белгилөө күнү. Бул күндүү белгилөө 2011-жылы режиссер Рысбек Жабиров тарабынан сунушталып  2016-жылы Жогорку Кеңеште өкмөттүн чечими чыгып 5-март «Ак калпак жана улуттук баалуулукту белгилөө» күнү деп жарыяланган.

 

Количество просмотров: 40