• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жабиров:Кыргыздын калпагынын деңгээли кандай экенин белгилеп, итке калпак кийгизген кызга арыз жазгам (видео)

5 Жалган куран 2018 15:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.03.18.Govori.TV
«Бишкек парктан» итке калпак кийгизгендерге учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ишти карап жаткан тергөөчү, адвокаттар дагы кыргыз деп күйгөн адамдар болсо керек. Туура тыянак  чыгарат деп ойлойм. Бул туурасында Govori.TV  сайтына  белгилүү режиссер Рысбек Жабиров билдирди.
“Жөн эле салыштырып Кавказ улутунун баш кийимин же болбосо Өзбек туугандардын допусун башка нерсеге кийгизип койсо кандай ажаташ болуп кетет эле. Ошондой эле дүйнөдө бизден  башка эч кимде жок, өзгөчө кийизден жасалган  өңү-түсү дагы туюндурма ойду бере турган улуттук баш кийимибизди коргогонго акылуубуз. Сахнага чыккан кызды жаштык кылып билбей калыптыр деп кечирип коймокбуз. Бирок ал  кыз кайсы бир гезитке “бул эми жөнөкөй эле нерсе да, ар ким муну өз деңгээлине жараша түшүнөт” деп интервью бериптир.  Бул арыз деңгээл  кандай болот экенин негизинде жазылган” –дейт Жабиров.
Мындан сырткары ал соцтармактарда мага карата негативдүү сөздөр айтылып  чыгармачыл адам искусствону кантип түшүнмөк эле деген сөздөр жазылды. Бирок бул искусство деп эле улуттук символикабызга тийишип, улууну урматтабай, кичүүнү ызаттабай койгон бул искусстов эмес бул башка маселе. Бул баарыбыз үчүн сабак болуш керек деп кошумчалады.
Эске салсак, өткөн жыл калпак кийип мода көргөзмөсүнө чыккан иттин сүрөтүн интернет колдонуучулары катуу сынга алышып, итке калпак кийгизүү жат көрүнүш экендигин айтышып, нааразы пикирлерин калтырышкан.

Бүгүн 5-март Ак калпак күнү. Ак калпак күнүн белгилөө  2011-жылы режиссер Рсыбек Жабиров сунуштап, 2016-жылы Жогоку Кеңеште атайын токтом кабыл алынып 5-март Ак калпак жана улуттук баалуулуктар майрамы деп бекитилген.

 

Количество просмотров: 15