• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жайдын күнү жайлоого 30 см кар түштү

19 Баш оона 2019 11:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.08.2019. Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кайыңды жайлоосунда бийиктиги 30 см кар түштү. Буга байланыштуу жол жабык. Бул туурасында жергиликтүү тургундар айтууда.

Жайлоо Энильчек айылынан 50 чакырым аралыкта жайгашкан.

Белгилүү болгондой, айылга барчу жол ачык. Бирок кар эригенде жол ылай болуп жабылып калган. Автоунаа өтө албай жатат. Жайлоодо 26 түтүн жашайт. Азыр байланыш үзүлгөн, телефон иштебейт. Айрым маалыматтар боюнча эчкилер өлгөн.

Тургундардын айтымында кар 17-августа башталып 19на караган түнү токтогон. Учурда кайрадан аба-ырайы бузулуп жатат. Жергиликтүү бийлик эч кандай чара көрбөй жатканы жайлоодогулардын нааразычылыгын жаратууда.

Ал эми, жайлоого бараткан жол жайыттар комитетине караштуу. Ушул жылдын 13-майында 2 көпүрө бузулган эле. Ал ушул күнгө чейин оңдоло элек.

Жети-Өгүзгө да 15 см кар түшкөн.

Количество просмотров: 3