• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жайкы каникул мезгилинде балдар катышкан жол кырсыгынын саны көбөйүүдө

9 Теке 2021 13:36 Бишкек Govori.TV

Жайкы каникул мезгилинде балдар катышкан жол кырсыгынын саны көбөйүүдө, — деп билдирет Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ЖКККББы кызматкерлери үчүн жай мезгилинде балдарга жана өспүрүмдөргө жол коопсуздугун маалымдоо жана алардын жолдогу коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү болуп саналат. Анткени эс алуу учурунда жаш жөө жүргүнчүлөр билим берүү процесси менен алектенишпесе дагы жол белгилерин жана жол эрежелерин кызыгуу менен кабыл алып, окушат. Бул иште кадимки маектешүү дагы чоң мааниге ээ.

«Мындай иш-чаралардын негизги максаты көчөдө балдардын коопсуз жүрүм-турумун жана мектептин окуу процессинде алган билимин практика жүзүндө ишке ашырып жана бекитүү болуп саналат. Жол кырсыктары пайда кылуучу маселелер, мисалы, көчөдөгү жүрүм-турум эрежелери, турак-жай имараттарынын короосунда өзүн алып жүрүү, велосипедди башкарууда коопсуздукту камсыздоо, караңгыда жарыктарды чагылдыруучу элементтеринде, ошондой эле жол кесилиштерин туура өтүү эрежелеринин сакталышы тууралу толук малымат берүү», — деп билдиришти башкармалыктын басма сөз кызматынан.

Мындай иш-чаралар балдар чогулуп эс алган жерлерде жана республиканын аймагындагы балдар эс алуу жайларында үзгүлтүксүз өткөрүлүп келүүдө.

Количество просмотров: 163