Бишкек. 29.07.2019. Govori.TV
Ош облусунун Алай районундагы Мурдаш айылында “Бактылуу балалык” жайлоо өнүгүү борбору Үч-Чат жайлоосунда уюштурулду. Учурда 20 балага, 1 тарбиячы билим тарбия берүүдө. Психолог врачтар барып мастер-класс өтүп беришти.

Ошондой эле, Чон-Алай районунда жалпы 7 жайлоо бала бакча иштеп жатат. Жалпы 195 бала эс алууда. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоордун алкагында балдар үчүн тренинг өткөрүлдү. Балдардын ден-соолугу чың, ал эми ата-энелер ыраазы болушууда. Жергиликтуу бийлик керектүү азык-түлүк менен тынымсыз камсыз кылууда.