• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жайлоого кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан жаранды издөөгө 94 адам тартылды

4 Бештин айы 202413:21 Бишкек Govori.TV

Кемин районунда Жалгыз-Тал жайлоосуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон Тар-Суу айылынын тургунун издөө иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 43 жаштагы Ш.М. 29-ноябрда досуна жолугуу үчүн жайлоого кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын минип жүргөн аты келген.

Бүгүн издөө иштерине ӨКМден 4 куткаруучу, 50 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 40 адам, жалпысынан 94 адам тартылды.

Количество просмотров: 166