Бишкек.16.04.2019.Govori.TV.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басарын пара алып жаткан жеринен кармашты. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.
Ммаалыматты УКМКдан да тастыкташты. Айрым маалыматтар боюнча ал 35 миң сом талап кылган.
Кармоо иштери УКМК менен ИИМдин ички тергөө кызматы менен бирге ишке ашкан.