22 жаштагы балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинин коло медалын жеңип алды.
Жуманазарова коло байге үчүн монголиялык Батцецег Соронзонболд менен таймашып, атаандаштын далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздады.
Мээрим алгачкы беттешин кечээ, 2-августта өткөргөн. Анын атаандашы болгариялык Мими Николова Христова болгон. Атаандашын 7:5 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өткөн. Чейрек финалда нигериялык балбан менен беттешип, 2:3 эсебинде жеңилип калган.
Ал эми нигериялык спортчу жарым финалда монголиялык спортчуну жеңип, финалга чыккан. Муну менен ал Мээримге жубатуучу беттеште коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берди.