• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атамбаев тергөө документтерине кол койгон жок

9 Баш оона 201916:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.08.2019.Govori.TV.

Мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесарев Атамбаев тергөө документтерине кол койбогонун айтты

Айта кетсек, мурунку президентти милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармап, ал УКМКнын убактылуу тергөө абагына 26-августка чейин киргизилген.

Слесаревдин айтымында, ал Атамбаев менен саат 1.00дө сүйлөшө алган. Андан соң тергөө иштери башталган.

«Ага сурактын протоколу, ишеним кат тууралуу токтом сыяктуу документтерге кол коюуну сунуш кылышты, бирок ал бир дагы кагазга кол койгон жок. Ал кой койгонго дагы, койбой койгонго дагы укуктуу. Атамбаевге карата мыйзамсыз иштер жасалып жатканын эске алганда, ал туура эле кылды», — деди Слесарев.

Количество просмотров: 13