• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жактоочу: Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу сотко кайрылабыз

13 Бештин айы 2019 17:44 Бишкек Govori.TV

Алмазбек Атамбаевдин кан басымы төмөндөп кетти. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдиргенин 24.kg агенттиги жазды.

Жактоочунун айтымында, айыпталуучуну ооруканага жаткыруу азырынча талап кылынбайт, бирок УКМКнын тергөө абагында Атамбаевдин ден соолугу начарлашы мүмкүн.

«Бул имарат айыгууга шарт түзүп бербейт. Мындан улам, анын ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен кайрылабыз», — деди жактоочу.

Ал кечээ Атамбаевди дарыгерлер текшерүүдөн өткөргөнүн айтты.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Количество просмотров: 196