• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жактоочу: Азаттыктын материалынан контекстти негиз кылып аны жабуу туура эмес

17 Жалган куран 2023 17:12 Бишкек Govori.TV

Ленин райондук сотунда “Азаттык медиасынын” маалымат каражаты катары ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча Маданият министрлигинин доо арызын кароо боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Анда Азаттык медиасынын жактоочусу Нурбек Сыдыков Маданият министрлигинин койгон доосу негизсиз деп эсептей турганын айтты.

Анын айтымында аталган Кыргызстан менен Тажикстандын чек-арасында болгон куралдуу кагылышы тууралуу материалында эч кандай бир жактуу чагылдыруу болгон. Эки тарап бирдей берилип, аягында Тажикстандын Кыргызстанды айыптаганынын туура эместиги тастыкталган. Буларды эске алганда министрликтин контексттен кыркып алып айып койгону туура эмес. Ошон үчүн алардын талабын канааттандырбоону өтүндү.

Количество просмотров: 84