• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жактоочу: Ден соолугуна байланыштуу Атамбаев борбордогу №47 абакка которулуусу керек

27 Тогуздун айы 202014:27 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди борбор калаадагы №47 түзөтүү абагына которуу боюнча өтүнүч келтирилди. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Атамбаев СИЗО-1ге которулуп, ачкачылык жарыялаган, анын абалы кескин төмөндөп кеткен. Жактоочулар мурдагы президентти борбор калаадагы №47 түзөтүү абагына которуу боюнча өтүнүч келтиришкен. Бирок алардын өтүнүчү канаттандырылган эмес.

“Алмазбек Шаршеновичти СИЗО-1 дин жер төлөсүндөгү камерага жайгаштырышыптыр. Аталган жерге өмүр бою эркинен ажыратылгандарды кармачу экен. Ошондуктан эч кандай шарт жок, канализациясы иштебеген абалда экени белгилүу болду. Мындан улам Атамбаев нааразычылыгын билдирип, ачкачылык жарыялаганын айтты”, – деди Жоошев.

Белгилей кетсек, Атамбаев 10-октябрда Бишкекте массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында кармалган. УКМК Атамбаев тергөө абагына кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча чыккан сот чечиминин негизинде киргизилгенин ошол эле учурда сотто Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши каралып жатканын билдирген.

Количество просмотров: 67