• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жактоочу: Инанды уурдалган күндүн эртеси эле Кыргызстандан чыгарылып кеткен

13 Теке 2021 17:37 Бишкек Govori.TV

«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхон Инандыны 1-июль күнү эле Кыргызстандан алып чыгып кетишкен. Бул тууралуу анын Түркиядагы жактоочусу Халил Ибрагим Йылмаз «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, Орхон Инанды өзүнө коюлган айыптарды мойнуна алган жок.

«Орхон мырза күнөөнү мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга барган жок. Бирок Кыргызстандагы ишмердиги тууралуу айтып берип, тергөөнүн суроолоруна ачык жооп берди. Мектептерди кантип уюштурганын, кимдерден акча келгенин айтып берди. «Бул ишти кылганыма эч өкүнбөйм, бүгүн да мүмкүнчүлүк болсо аны менен алектенем, балдарга билим бердим» деп жатат. Айрым маалымат каражаттары ушул нерсени күнөөнү мойнуна алды деп жазып жатышат», — дейт ал.

Халил Ибрагим Йылмазга Орхон Инанды аны үч кыргыз уурдаганын айтып берген.

«Ооба, кармап көздөрүн таңышыптыр. Андан кийин эртеси күнү эле Түркияга алып келишиптир. Көздөрү таңылуу абалда автоунаа менен беш-алты саат жол жүрүп, андан кийин учакка салышты деп айтып жатат. Ал кайсы жактан учакка салышканын билбейт. Казакстанбы, Кыргызстанбы, Тажикстанбы билбейт. Бирок кара жол менен беш-алты саат жол жүрүп, андан кийин учакка салышып, эртеси күнү эле Түркияга алып келишиптир. Бирок кайсы өлкөнүн аймагы аркылуу чыгарылганын көзү таңылуу болгон үчүн билбейт», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Орхон Инанды 31-майда жоголгон. Анын Түркияга жеткирилгени июлдун башында белгилүү болду.

Количество просмотров: 645