• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жактоочу: Камактагы Фарид Ниязовдон гипертония илдети аныкталды

18 Жалган куран 2021 15:22 Бишкек Govori.TV


Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арызын карап, анын камактагы мөөнөтүн 10-апрелге чейин узартуу боюнча райондук соттун чечими күчүндө калтырды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

«Дарыгерлер 9-мартта бүтүм чыгарышты. Анда Фарид Ниязовдо III стадиядагы III даражадагы жогорку коркунучтагы гипертония бар экени айтылган. Өкмөт тарабынан бекитилген тизме боюнча, мындай оорусу бар адамдар камакта кармалбашы керек», — деди жактоочу.

Эске салсак, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин Бишкек шаарынын борбордук аянтында жыйынтыкка нааразы болгон жарандардын митинги башталган. Эртеси күнү кечинде демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышып, «Ак үй» басылып алынган.

Митингчилер колониядан айрым саясатчыларды бошотушкан. 6-октябрга караган түнү бошотулган саясатчылардын кээ бири 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаев дагы бошотулгандардын арасында болгон. Митингде кагылышуу болгон, анын кесепетинен жети адам жабыркаган. Эртеси күнү, тагыраагы 10-октябрда, массалык башаламандыктар фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Атамбаев жана анын тарапташтары кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдараак былтыр 9-октябрдагы жапырт башаламандыкты уюштурууга шектүү катары кармалган Ниязовдун абактагы мөөнөтүн 10-апрелге чейин узарткан.

Адвокат Замир Жоошев анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу аппеляциялык арыз менен шаардык сотко даттанган.

Количество просмотров: 206