• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Жактоочу: Мамлекеттик айыптоочу Курсан Асановду №50 абакта кармоону сурады

16 Аяк оона 202117:35 Бишкек Govori.TV

Сот процессинде мамлекеттик айыптоочу Курсан Асановду Чүйдөгү №50 тергөө абагына камакка алуу өтүнүчүн келтирди. Бул тууралуу жактоочу Чынара Жакыпбекова журналисттерге билдирди.

«Чүйдөгү №50 абакта оор кылмыш жасаган кылмышкерлер кармалат. Ички иштер министринин мурдагы орун басарын аталган жайга кармоо акылга сыйбаган нерсе. Мамлекеттик айыптоочу Асановду 14-ноябрга чейин камакка алуу өтүнүчүн келтирди», — деди Жакупова.

Бүгүн, 16-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун бөгөт чарасы каралып жатат.

Курсан Асанов Жазык кодексинин 309-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу) боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Количество просмотров: 716