• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Жактоочу: Нарын сотунун мурунку судьясы И.Жолдубаевага каршы көрсөтмө берип жатат

16 Тогуздун айы 201916:06 Бишкек Govori.TV

Нарын шаардык сотунун мурунку судьясы Жапар Эрматов мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаевага каршы көрсөтмө берип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда АКИpress агенттигине Жолдубаеванын жактоочусу Алия Турумбекова билдирди.

Анын айтымына караганда, мурунку судья тергөөгө Жолдубаева Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчиси кызматын ээлеп турганда Батукаевде [«Мыйзамдагы ууру аталган» Азиз Батукаев 2013-жылы 9-апрелде мыйзамсыз бошотулган] ооруга байланыштуу негиз болсо, анда аны бошотуу керек делген буйрукту бергенин айтып берген.

Ошондой эле Турумбекова белгилегендей, Эрматов тергөө учурунда Жолдубаевага кайсы абоненттик номур менен чалганы эсинде жок экенин айткан. «Мен бир катар тергөө аракетин өткөрүү тууралуу өтүнгөм. Атап айтканда, Эрматов менен Жолдубаева кайсы абоненттик номурду колдонгонун аныктоону сурангам. Тергөө органдары муну жасашкан жок», — деди ал.

Жактоочу билдиргендей, ал ошондой эле мурунку судья психологиялык басымга кабылганын билүү үчүн ага психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындоону өтүнгөн.

Турумбекова айыпталуучуларга кысым болуп жатат деп эсептейт. «Мисалы, Эрматов Жолдубаевага, дарыгерге башка дарыгерлер каршы көрсөтмө берип жатат», — деди ал.

Алдын ала соттук угууда жактоочу жана анын кесиптештери кылмыш ишти ачыкка чыгарууну өтүнүшкөн. Алардын айтымында, 26 томдо эч нерсе жок. Алар болсо жашыруун 27 томду жарыялабоо тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

«Мунун баарын жашырып коюуга мүмкүн эмес. Анткени тергөөчүлөр бул иштин көчүрмөсүн алуу үчүн соода борборго («Айчүрөк» борбордук универсалдык дүкөнү), тактап айтканда бул ишти көрүүгө укугу жок адамдарга алып барышкан. Сот отуруму ачык болушу керек», — деди Турумбекова.

Ал эми жактоочу Жолдубаева эмне үчүн тергөө менен макулдашууга кол койгон жок деген суроого мурунку башкы прокурор баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу коркутуулар болгонуна карабастан, кимдир бирөө тууралуу жаман айтуудан баш тартканын айтып жооп берди.

Булак: АКИpress

Количество просмотров: 214