Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Жактоочунун айтымында, Атамбаевдин ар бир буюму камакка алынган. А түгүл жубайы Раиса Атамбаеванын айлыгынын картасы да камакта.
“Атамбаевдин мүлкүн камакка алуу мыйзамсыз. Ал өзү да, анын мүлкү да кол тийбестике ээ болуп, кайтарылып турушу керек”, — деп кошумчалады Слесарев.