• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жактоочу: Сапар Исаков СИЗО-1ге которулду

4 Чын куран 2020 14:38 Бишкек Govori.TV

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков СИЗО-1 мекемесине которулду. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтокунов Govori.TVга билдирди.

Токтокуновдун айтымында, 3-апрелде УКМКнын абагынан телефон чалып, Исаковду ЖАМКтын абагына которуп жатканын маалымдаган.

«Өзгөчө абал учурунда кылмыш иш токтотулбайт, судьялар менен тергөөчүлөр ишти уланта беришет. Бирок Коопсуздук кеңеши менен комендатура жактоочулардын кыймылына уруксат бербей жатат», — деди Токтакунов.

Ошондой эле Токтакунов СИЗО-1 мекемесине жактоочулар киргизилбей жатканын айтты. Ал комендатура өзгөчө абал режимине карабастан иштей турган учурда адам укугун бузуп жатат деп белгиледи.

Буга чейин Исаков УКМКнын абагында болчу.

Количество просмотров: 434