УКМКнын Тергөө абагындагы камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков соттук отурумга күч менен алынып келинди. Бул тууралуу анын жактоочусу Жоошев билдирди.
Анын айтымында, бир гана Сапар Исаков эле эмес бул иште шектүү катары өтүп жаткандардын баары соттук отурумга катышпайбыз деп жатышат.
Кошумчалай кетсек, 25-октябрда Исаков убактылуу кармоочу жайдын камерасынан чыгуудан жана сот отурумуна катышуудан баш тарткан. Муну мурдагы премьер-министр ЖЭБ боюнча иштеги айрым күбөлөрдүн суралбай жатканына нааразылык деп түшүндүргөн.
Мындан соң сот Исаковду мажбурлап менен алып келүү жөнүндө токтом кабыл алынган.
ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов былтыр камакка алынган.
Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.
Бул иш боюнча сот быйыл февраль айынан бери жүрүп жатат.