Бүгүн, 6-декабрда Бишкектеги Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу сот өкүм чыгарды. Жактоочу Замир Жоошев судья мындай чечим чыгараары белгилүү болчу деген пикирин билдирди.
«Башка инстанцияларда да биз каалагандай чечим чыкпай калуусу мүмкүн экенин билсек да кайрылып, арыз беребиз. Биз 9 ай бою соттук териштирүү болуп жатат. Биз бир эле прокурорлор эмес сот менен да күрөшүү болду. Анын кыймыл аракети соттун чечими даяр экенинен кабар берип жаткан»,-деди Жоошев.
Чечимге ылайык, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду 15 жылга, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди 7 жыл 6 айга, “Улуттук энергетикалык холдингдин” мурдагы башчысы Айбек Калиевди 15 жылга, “Электр станциялары” ААКсынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазовду 11 жыл 3 айга, Электр станциялары” ААКсынын Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкуловдун 2 жыл 6 айлык абак жазасын чектеди. Мурдагы депутат Осмонбек Артыкбаевге 5 млн сом айып салып, сот залынан бошотуу чечими, мурдагы каржы министри Ольга Лаврованы үй камагына калтыруу чечими чыкты.